Menu

Космосбек, сен кет, кетип эле калчы?

Бөлүшүү:

«Ден-соолук кадырын ооруган жан билет» дегендей, азыр кыргыз медицинасынын абалы кандай күнгө туш келгенин ошол ооруган адамдар сонун билет. Азыр оор операцияны мындай гой, кайсы бир татаалыраак анализди алуу үчүн атайы Алматага барып тапшырып келип атышат далайы. Анан алар айтып атат, «силердин жетекчилигиңер элинин саламаттыгын ойлошпойбу?» деп Алма-Атанын врачтары бизге айтпадыбы» дешип. А биздин саламаттыкты сактоо министрибиз, кесиби дары сатуучу Космосбек Чолпонбаев дегенибиз өткөндө президенттин маңдайына олтуруп алып каяктагы нерселердин баарын «урдуруп» жатат. Андагы, КРнын саламаттыкты сактоо министри КРнын президенти менен жолугушууда эмнелер туурасында «отчет» бергени Кыргызстандагы болгон ТВлар менен президенттик админстрациянын расмий сайтынан тарта бардык электрондук маалымат булактарына илинди. Чолпонбаевдин андагы «реформа», «оптимизация» деген «трафареттери» түшүнгөн жанга Космосбегибиз элдин саламаттыгын сактап деле жыргатып ийбээри ап-ачык эле айкын болду. Мындай татыксыз кадрларды кыргызда «барынан жогу жакшы» деп коет, тем более элдин саламаттыгын сактоодогу жооптуу иште. Чолпонбаевдин андагы айтылган «чоң реформаларына» президенттин деле ичи чыкпады окшойт, жакынкы аралыкта күтүлүп жаткан КРнын Коопсуздук Кеңешинин жыйынында саламаттык сактоо тармагындагы абал жана реформалардын жүрүшү боюнча кеңири анализ бериши керектигин айтып узатканына караганда.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: