Menu

Тажикстанда аскерге күч менен алып кетүү уланууда

Бөлүшүү:

Тажикстандын түштүгүндөгү Хуросон районунда 26 жаштагы жигитти күч менен армияга алып кетүү учурунда сабалганы айтылууда.

Окуя 4-апрелде болгон. Туйчибек Хидиров мал жайып жүрөн маалда тилкелик милиция кызматкерлери аны армияга күч менен алып кетүүгө аракет жасашкан. Жигит моюн сунбай койгон. Мындан соң тартип сакчылары аны катуу сабашкан. Жабырлануучунун туугандарынын айтымында, жаңжалдан кийин Туйчибек Хидиров аскер комиссариатына эмес ооруканага жеткирилген.

Тажикстанда жыл сайын уландарды көчөдөн же үйүнөн кармап, мажбурлап аскерге алып кеткен учурлар көп кездешет. Буга чейин өлкөнүн Коргоо министрлиги аскер комиссариаттарына мындай тажрыйбаны токтотуу боюнча тапшырма берилгенин билдирген.

Тажикстанда армияга чакыруу өнөктүгү жылына эки жолу – жазында жана күзүндө болот. Ар биринде аскерге милдет өтөөгө 18-27 жаштагы 16 миңге жакын жигит чакырылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: