Өзбекстандын Фергана облусундагы төрөткананын жетекчилиги аларда жаңы көз жарган бир нече келин полго жаткырылганын ырастады.
Төрөткананын башкы дарыгеринин орун басары Насиба Омонова бул убактылуу көрүнүш болгонун билдирди.
«Эс алуу күндөрү үч күнгө созулгандыктан, Жарандык актыларды каттоо кызматы иштеген эмес. Биз келиндерди документсиз чыгара албайбыз. 31-августта жана 1-2-сентябрь күндөрү 20дан аял көз жарган. Бизде болсо болгону 60 орун бар. Ошондуктан бир нечесин 1-2 күнгө полго жаткырууга аргасыз болдук», — деди Омонова.
4-сентябрда окурмандардын бири редакцияга полдо жаткан келиндердин сүрөттөрүн жиберген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ