Menu

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Таш-Көмүр шаарындагы ферросплавдык заводду куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-ноябрда, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы ферросплавдык заводду куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан сунушталды. Заводдун долбоордук кубаттуулугу жылына 200 миң тонна ферросиликоалюминийди түзөт. Долбоордун жалпы наркы 550 млн АКШ долларын түзөт. Инвестициялык долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууда 2800 дейре жаңы жумушчу орун түзүлүүсү пландаштырылууда. Кыргыз тараптан долбоорду ишке ашырууга жоопкер болуп «Авиньен» ЖЧКсы, ал эми казак тараптан ферросиликоалюминийди өндүрүү технологиясын иштеп чыгуучу «НЦ КПМС РК» ишканасы чыккан.

Жыйында инвестициялык долбоорду ишке ашыруу маселеси талкууланды. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аталган долбоордун инвестициялык жагымдуулугун белгилеп, ал Таш-Көмүр шаарынын өнүгүүсүнө оңдуу таасирин тийгизет.

Соңунда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков министрлик жана ведомстволорго завод курулушу үчүн зарыл болгон чечимдерге тийиштүү маселелерди тыкыр иликтеп чыгуу, анын ичинде электр энергиясы менен камсыздоо маселесин жана  «Таш-Көмүр шаарындагы ферросплавдык заводу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруунун варианттарын кароого алып кирүү тапшырмасын берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: