Menu

Жалаң миллионер депутаттар наам алышты

Бөлүшүү:

Президент Жээнбеков бир жылда эки жолу сыйлык тапшырууга үлгүрдү. Бул ирет жалпысынан 166 адамга ар кандай наам-сыйлыктарды ыйгарды. II даражадагы “Манас” орденин мамлекеттик ишмер Исмаил Исаковго, Инженердик академиянын вице-президенти Карыпбек Алымкуловго жана Тоо-кен өнөр жайчылар жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеевге ыйгарды. III даражадагы “Манас” ордени Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Лингвистика институтунун директору Сыртбай Мусаевге тапшырылган. Андан сырткары “Даңк” медалы жети, «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамы төрт, «Кыргыз Республикасынын эл акыны» наамы эки кишиге берилген. Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамына сегиз киши татыган. Арасында артист, куудул Абдылда Иманкулов да бар. Көбүнчө сыйлык-наам маселесинде аймактагы татыктууларга басым жасашканы байкалат. Кантсе да Аймактарды өнүктүрүү жылы дешкен окшобойбу. Бирок саясатта сасык иштери менен белгилүү болгон миллионер депутаттарды «Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам менен “уялчаак” депутат Камчыбек Жолдошбаев менен Азамат Арапбаевди сыйлады. Экөөнүн тең далай былыктары бар. Баса, генерал Исаковго берилген сыйлык да көпчүлүктү таң калтырып койду.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: