Menu

Экс-мэрге айып тагылды. Соттун чечими кандай болот?

Бөлүшүү:

Ошентип, Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аягына чыкты. 17-январда Албек Ибраимовго коррупция беренеси боюнча айып тагылып, бул боюнча езүнө билдирилгенин УКМКнын маалымат кызматы маалымдады.

Экс-мэрге Кылмыш кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү жана 205-берененин 2-бөлүгү (кызмат абалына байланыштуу ишенип тапшырылган ири өлчөмдөгү мүлктү жок кылуу) боюнча айыптар тагылды. Айыптоого таянсак, Албек Ибраимов “Дастан” ишканасын жетектеп турганда мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар”- деп күнөөлөнүүдө.

УКМКнын билдирүүсүндө, Албек Ибраимов президенттик аппараттын башчысынын орун басары болуп иштеп турганда, “Дастан” ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Юрий Васильевге буйрук берип, “Күнөстүү жээк” пансионатынын 100 пайыз акциясын арзан баада саттырткан. Анын натыйжасында мамлекетке 82 млн. 750 миң сом зыян келтирилген.

Маалым болгондой, “Күнөстүү жээк” пансионатынын учурдагы кожоюну мамлекетке келтирилген зыянды толугу менен төлөп берген.

Эми соттун чечими кандай болот? Ал 28-январда Октябрь райондук сотунда өтчү сот олтурумунун жыйынтыгында белгилүү болот.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: