Menu

Сириядан кайтарылган ага-ини түрмөгө кесилди

Бөлүшүү:

Актөбө  соту Сириядан эвакуацияланган 12 казакстандыктын экөөнү 8 жылдан түрмөгө кести. Ага-инилер Актөбөгө быйыл 5-февралда жеткирилген.

“Жусан” операциясынын алкагында эвакуацияланган Русландын (ысымы өзгөртүлдү – Ред.) жашы 36да. Соттун материалдарына караганда, ал 2015-жылы Актөбө каласынан чыгып, Орусия аркылуу алгач Түркияга, андан соң Сирияга барган. Сирияда “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна ант берип, анын мүчөсү болгон. Атайын аскердик даярдыктан өтүп, уюмдун ишине аралашкан, куралдуу кагылыштарга катышкан.

Тергөө соттолуучуга “диний ажырымды козутуу”, “бийликти күч менен басып алууга чакыруу”, “террордук уюмдун ишине катышуу” айыптарын таккан. Актөбө облустук сотунун басма сөз кызматы айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алганын билдирди.

Кылмыш ишиндеги материалга караганда, анын 30 жаштагы иниси 2016-жылы Түркия аркылуу Сирияга барган. Ага да ушундай эле айыптар тагылды.

Ага-инилердин иши өз-өзүнчө каралды.

Быйыл 4-февралда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги “Жусан” операциясынын алкагында Сириядан 12 казакстандык алынып келингенин кабарлаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: