Menu

Аламүдүн районунда издөөдө жүргөн жаран кармалып, жанынан баңги сатына окшош зат алынган

Бөлүшүү:

Аламүдүн районунда издөөдө жүргөн жаран кармалып, жанынан баңги сатына окшош зат алынган. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Аламүдүн районунун ИИБү тарабынан 42-жаштагы И.К. аттуу жаран издөөдө жүргөн. Ал 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексининин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча соттолуп, ага карата 2 жылга пробациялык көзөмөл колдонулган. Жогорудагы жаран пробациялык көзөмөлдүн талаптарын бузгандыктан, ага карата издөө жарыяланган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издө иш-чараларынын негизинде жогорудагы жарандын жүргөн жери аныкталып милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Аны текшерүү учурунда кийиминин чөнтөгүнөн жашыл түстөгү баңги затына окшош зат табылып, жалпы салмагы 11 граммды түзгөн. Алынган затка экспертиза дайындалган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 123-беренеси (Сатуу максатысыз анча көп эмес өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Териштирүү иштери улантылууда.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: