Menu

Видео – Ысык-Көлдө уран казууга Алмаз Атамбаев уруксат бергендиги ачыкка чыкты

Бөлүшүү:

Кечээ, 24-апрелде КР Жогорку Кеңешине отчет берип жатып КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омполдон уран кенин казууга кайсы министрлер кол коюп, уруксат беришкенин расмий ачыктады.
Анын айтымында, азыр Кызыл-Омполдо уран кенинде иштеп жаткан «ЮрАзия Кыргызстан» компаниясы Кыргызстанда 2004-жылы компания катары Адилет министрлигинен расмий каттоодон өткөн.
Бирок “ЮрАзия Кыргызстан” компаниясы өзү түзүлгөн 2004-жылдан тартып, 2010-жылга чейин 6 жыл бою, Акаев жана Бакиев учурунда Ысык-Көлдүн Кызыл-Омполунда уран казууга лицензия алалган эмес.
2010-жылы 7-апрелдеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бийликке Убактылуу өкмөт келип, Алмаз Атамбаев Убактылуу өкмөттүн Экономика маселери боюнча вице-премьери болуп дайындалып, Кыргызстандагы бардык экономика маселелерин чече баштайт.
2010-жылы 18-ноябрда “ЮрАзия Кыргызстан” компаниясы КР жаратылыш ресурстары министри Кайрат Жумалиевдин колу менен Кызыл-Омпол уран кенин изилдөөлөрдү жүргүзүүгө уруксат алган. “ЮрАзия Кыргызстан” компаниясы Ысык-Көлгө келип иштей баштаган. Андан кийин ушул эле министрдин колу менен экинчи жолу Кызыл-Омполдогу уранды геологиялык чалгындоого лицензия алган.
2010-жылы 17-декабрда Алмаз Атамбаев КР Премьер-министри болуп шайланат.
2011-жылы май айында КР жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенамановдун колу менен “ЮрАзия Кыргызстан” компаниясына Кызыл-Омполдо уранды чалгындоого лицензия берилген. “ЮрАзия Кыргызстан” компаниясы Ысык-Көлгө келип иштөөсүн уланткан.
2011-жылы 1-декабрда Алмаз Атамбаев КР Президенти болуп шайланат.
2012-жылы КР жаратылыш ресурстары министри Ишимбай Чунуев “ЮрАзия Кыргызстан” компаниясына Кызыл-Омполдо уранды чалгындоого лицензия берген. “ЮрАзия Кыргызстан” компаниясы Ысык-Көлдө иштөөсүн уланткан.
2013-жылдан тартып 2017-жылга чейин “ЮрАзия Кыргызстан” компаниясына Кызыл-Омполдо уранды чалгындап казууга лицензияны ошол кездеги КР Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев кол коюп берген. “ЮрАзия Кыргызстан” компаниясы Ысык-Көлдө иштөөсүн уланткан.
Алмаз Атамбаев 2010-жылы апрелден тартып, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын Экономика боюнча орун басары, 2010-жылы 17-декабрдан КР Премьер-министри, 2011-жылы 1-декабрдан 2017-жылдын 24-ноябрына чейин КР Президенти болуп турган учурунда бир да кенге лицензия Атамбаевдин ишарааты болмоюнча берилбегенин Кыргызстанда көпчүлүк билет. Жогоруда аты аталган министрлер да түздөн-түз Атамбаевдин буйруктары менен “ЮрАзия Кыргызстан” компаниясына Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин чалгындоого жана иштетүүгө лицензия бергени талашсыз факт.
Ысык-Көлдүн Кызыл-Омполунда уран кенин чалгындап казууга лицензия берген Кайрат Жумалиев, Замир Эсенаманов, Ишимбай Чунуев жана Дүйшөнбек Зилалиев – бул 4 министрди тең кызматка Алмаз Атамбаев өз указдары менен дайындаган.
Ошондуктан Кыргызстандын укук коргоо органдары бул расмий фактыларды иликтеп, кыргыз элине, кыргыз жерине чыккынчылык кылган күнөөкөрлөрдү аныктап, юридикалык баа берип, элге ачык жарыялаш керек. Антпесе Атамбаевчилер бул талашсыз фактыларды бурмалап, өз кылыктарынын изин жашырып, бийлик менен элдин ортосуна от жагуу үчүн чагым катары пайдалана берет.

https://www.youtube.com/watch?v=ZGfSiBKYKks&t=21s

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: