Бүгүн, 8-мартта Бишкекте “Бишкек феминисттик демилгелери” коомдук уюму уюштурган аялдардын тилектештик жүрүшү өттү.
Жүрүшкө эки жүздөй адам катышып, Чүй проспектиси аркылуу “Россия” кионтеатрынан Уркуя Салиеванын эстелигине чейин басышып, бардык тармактарда аялдардын эркектер менен тең укуктуулугун талап кылышты.
Жүрүштү укук коргоочулар Рита Карасартова, Өндүрүш Токтонасыров, Равшан Жээнбеков, Эдил Байсалов жана башка активисттер колдоп жүрүштү.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ