Menu

Саясий элита деген өзү ким?

Бөлүшүү:

Кымбат машине минип, костюм-шым кийип алып бир дипломат көтөрүп калса эле саясий элита болуп калабы? Бир-эки жолу телевизорго чыгып, акылдуу сөздөрдү айтып койсо эле саясий элитабы? Же 300-500 миң долларын партияга төлөп, элдин добушун сатып алып депутат болгон адам саясий элитабы?

Кайсы бир автор саясий элитаны мывдай мүнөздөптүр. Маселен, деңизде бир кеме кетип баратат дейли, ал ке-меде өзүнүн кызматын кылган адамдар бар. Бирөө пол жууйт, экинчиси отун жарат, дагы бири капитан жана башка. Ар бири өзүнө бөлүнгөн кызматын аткарат. Мы-на ошбл адамдардын арасывда бирөө кеменин эң бийик мачтасына чыгып, алдыга дүрбү салат. Эгерде ал адам болбосо – кемеде канча адам болгонуна карабай, алар өз кызматтарын кавдай мыкты аткарганына карабай – эч кимиси кеме туура эмес жакка кетип баратканын көрө албайт. Балким кеме айсбергди көздөй бараткандыр же бир чоң аңга бараткандыр? Мына ошол мачтада турган адамдын кылып аткан функциясы – элитанын орду. Ал адамдардын жөвдөмү – алар бир башкача адам же баш-калардан жогору турат деген сөз эмес, табият ушувдай.

Эми биздин элитабыз жөнүвдө. Бийликти пирамвда сыяктуу мүнөздөсөк болот, анткени башкаруу жогору жактан жүргүзүлөт. Союз учурувда башкаруу борбору Москва болчу жана ал өз бийлигин жүргүзчү. Авдагы-лар өз форматына, логикасына каршы чыккавдарды, өз алдынча ойлоно ала турган адамдарды жок кылыш-чу. Буга репрессияда атылган кыргыздын залкарлары мисал боло алат. Биздин бийлигибиздин башывда ал жактан кавдай буйрук келсе, ошону эки колдоп беки-тип берген жана ошол борбор сызган чектен чыкпай ишин аткарчу адамдар турган.

…Ошентип,Союз талкалавды, бйз өз алдынча мам-лекет болдук. Бирок баягы кеменин мачтасынан алы-сты көрө турган, өз алдынча адамдар болбоду. Союзда топтолгон бир топ байлык чачырап, талкаланды. Ал байлык эмес, элибиз чачырап тентип кетти. Канча энергия, ишенич, дарамет, убакыттекке кетти… Ошол чайпалып турган мезгилди колдонуп, бир топ байлык топтогон адамдар бийликке келе башташты. Алар бир нерсе өзгөртө алыштыбы же өз чөнтөктөрүн гана ой-лоштубу – ага тарых баа берет.Чыныгы саясий элита эч качан өз кызыкчылыктарын элдин кызыкчылыгынан жогору койбойт, мамлекетгин казынасына кол салып байлык топтобойт. Алардын ойлогону, эңсегени жа-лаң гана мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы бо-лот. Менимче, биз сөз кылып аткан кеменин мачтасы-на чыгып, алысты көрүп, кемеге туура багыт көрсөтө алчу адамдар Союздан кийин калыптанган муувдан чыгат. Эмнеге? Анткени алар Союздун форматына, билим берүүсүнө туш болушкан жок жана алардын ой жүгүртүүсү өз алдынча коомдо калыптанды. Баса, неги-зи биз сөз кылып аткан саясий элита да экиге бөлүнөт экен. Биринчиси – бул өздөрү жаңы вдеяларды жарата ала турган адамдар, экинчиси – техникалык элита, баш- -кача айткавда айтылган вдеяларды ишке ашыруунун технологияларын билгевдер.Союздан мыкты билим, тажрыйба топтогон адамдарды менимче ушул экинчи топтогу элитага кошсок бсшот. Баса, чет мамлекеттен окуп келген биздин алдыңкы жаштарыбызды да ушул топко кошо алабыз. Бирок алар кеменин башына келсе жаңы нерсе ойлоп таппаса да баягы алдыңкы мамлекет-терден көргөн форматын кайра бизде орното баштайт (бул да жакшы).Бирок эң жакшысы – биз айтып аткан, өз алдынча ой жүгүртө алган, жаңы вдеяларды жарата ала турган адамдардын пайда болушу. Алар эл көргөндү көрүп, эл кыйналгавдай кыйналып, анан көпчүлүктөн суурулуп чыгышы керек. Авдай адамдар пайда болуш-са, аларды маска кийип, өзүн ошовдой адам катары көрсөтүп жүргөн башка адамдардан айырмалай ала турган коом да болушу зарыл.

Канат Мидин уулу

Булак: «Айгай-пресс»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: