Бүгүн, 26-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети «Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аӊчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоо тууралуу парламенттик угуу өткөрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында жашыл экономикага өтүү боюнча КРнын Жогорку Кеңешинин коомдук кеңешинин ишинин алкагында иштелип чыккан.
Айта кетчү нерсе, “Кыргызстан – жашыл экономика өлкөсү” концепциясын бекитүү жана жашыл экономика принциптерин Кыргыз Республикасына киргизүү боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2532-VI токтому), жана 02.07.2018 жылы Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга жайгаштырылган
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ