Menu

Рыскелди Момбеков, депутат: Таластыктар Ак үйдүн алдына келебиз деп жатышат

Бөлүшүү:

Таластыктардын негизги тапкан кирешеси төө буурчак. Бирок быйыл анын баасы өткөн жылдагыдан кыйла төмөн. Бул көйгөй Жогорку Кеңештин шейшембидеги, бейшемби күндөгү да жалпы олтурумунда депутаттар тарабынан ачуу сын пикир менен коштолуп айтылды. Ушундан улам дал ошол төө буурчактын баасы өтө төмөн болуп жатканына байланыштуу Таластык дыйкандар Ак үй алдына нааразылык акциясына чыкканы жатышканы туурасында депутат Р. Момбеков билдирди. Эл өкүлү учурда дыйкандар арасында төө буурчактын баасына байланыштуу нааразылык күчөп баратканы туурасында өкмөткө коңгуроо какты. Президент Сооронбай Жээнбеков өткөндө Ак-Дөбө айылында төө буурчакты кайра иштетүү заводунун ачылышына катышкан учурда ишкерлер бир төө буурчактын бир килограммын 40-60 сомдон алабыз деп убада бергенин, бирок, андай болбой эле азыркы тапта 25 сомдон ашпай жатканын кошумчалады. « Азыркы күндө таластыктардын тагдыры жаман абалга кептелди. Төө буурчактын баасы күндөн күнгө төмөндөп отуруп 25 сомго чейин түштү. Мындай баа 2011-жылы болгон. Мен акимдер менен да бат-бат сүйлөшүп жатам, баасы төмөндөп, бир да жерде албай, эл кыйналып, Ак үйдүн алдына митингге чыкканы жатат» деди Момбеков.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: