Menu

Мыктыбек Абдылдаев деле жагынганды билет тура, Райым Матраимовду “менин эң жакшы көргөн иним” деп мактаптыр

Бөлүшүү:

Жакында эле Мыктыбек Абдылдаев 65 жашка чыгып, тоюн шаардагы ресторандардын биринде өткөргөн. Абдылдаев дегенде акыл калчап иш кылган, адилеттүүлүктү туу туткан, бирөөгө кызмат, кресло үчүн жагалданбаган адамды элестетебиз да. Мыктыбек байкебиз деле бийликке сөзү өтүмдүү болгон адамдарга жагалданганды жакшы эле билет экен. 65 жашка чыккан тоюнда жалаң саясатта кайнаган достору менен капчыгы калың бүгүнкүнүн бай-манаптарын, прокуратура тармагында чогуу иштеген кесиптештерин, ага-ини, жоро-жолдошторун чакырыптыр. Аны буга чейин да бир топ маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Ошончо коноктун көзүнчө Мыктыбек Абдылдаев ортого өзү чыгып, «Менин жакшы көргөн бир иним бар. Ал ким? – деп сурай турган болсоңор, бул Райым Матраимов. Райым иним келчи ортого» деп чакырып алып, Райым Матраимовду аябай мактаганы аксакалга туура келбесе керек. Мыктыбек байкенин эки бир тууганы бар болсо, ошонун бирөөсүнө гана сөз берилиптир. Эки инисинин алдында Райым ким? Бул кечээ эле Атамбаевдин тушунда дүң болбодубу. Келген коноктор дагы Мыктыбек Абдылдаевдин Райымды мактаганына нааразы болушуп, ушул жерде жөн эле койсо болмок деп той бүткүчө ошол теманы талкуулашыптыр.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: