Бүгүн, 28-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап жатат.
Адвокат Таалайгүл Токтакунованын айтымында, ИИМдин мурдагы кызматкери дагы бир берене – КР Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликтин өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү” беренеси боюнча айыпталууда.
Ага чейин ага массалык башаламандык жана Ички иштер министрлигинин имаратын басып алуу боюнча айып тагылган. Сот имаратынын жанында Курсан Асановду колдоо митинги өтүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ