Бүгүн, 3-майга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 277 учуру аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 212, Ош – 2, Чүй облусунан – 49, Ош облусунан – 5, Нарын облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 7, Жалал-Абад облусунан – 1. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 96 337 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 202 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 89 921ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 131, Ош шаарынан – 6, Чүй облусунан – 51, Нарын облусунан – 3, Ысык-Көл облусунан – 10, Жалал-Абад облусунан – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 3. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1622ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ