Menu

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жарадар болгондордун саны 183 адамга жетти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-майга карата Баткендеги чек ара чырынан жарадар болгондордун жалпы саны 183 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова маалымат жыйында  билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ жабырлануучулардын саны 178 болчу. 34 жаран каза болгон.

“Бүгүнкү күндө 99 бейтап Бишкек жана Баткен облусунун ооруканаларында дарылануусун улантууда. Алардын ичинен: Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда – 35 жабырлануучу, Улуттук госпиталда – 12, Улуттук хирургия борборунда – 9, Баткен облустук бириккен ооруканасында – 11, Кызыл-Кыя жалпы дарыгерлер практикалык борборунда – 1, Самаркандекте – 2, Лейлекте – 13, Кадамжайда – 16 дарыланууда”, – дейт ал.

Ал эми калган жабырлануучулар тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн соң амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Ооруканада дарыланып жаткан 99 жабырланучулардын ичинен 24ү аскер кызматкери, ал эми 75и жай тургундар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: