Өзбекстанда 21 күн мурда жоголуп кеткен Хорезм облусунун сегиз жаштагы тургуну Диана Ахмедованын сөөгү айылдагы арыктан табылды. Аны өлтүрүүгө шектелип аталаш агасы кармалды.
Кыздын ата-энеси үч жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн. Диана чоң атасы менен чоң энесинин колунда тарбияланып келген. Чоң атасы Ахмед Якубовдун айтымында, небересинин сөөгү үйдөн жети чакырым алыстыкта жайгашкан арыктан табылган.
– Инимдин баласы неберемди муунтуп өлтүрүп, сөөгүн арыкка таштаганын мойнуна алгандан кийин укук коргоо органдары аны таап келишти. Инимдин баласы камалды. Ал неберемди эмнеге өлтүргөнүн айткан жок, балким аны өлтүрөрдөн мурда зордуктаган чыгар», — деди Ахмед Якубов.
Жериликтүү ички иштер бөлүмүнөн тергөөнүн сыры экенин айтып, бул окуя боюнча кенен маалымат берүүдөн баш тартышты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ