Бүгүн 26-октябрда Бишкекте Кыргыз милициясынын күнүн майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Салтанаттуу иш-чарага министр Кашкар Жунушалиев, анын орун басарлары жана ИИМдин кызмат башчылары менен бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Ошондой эле, ИИМдин “Шумкар”атайын багыттагы полктун, милициянын кайгуул-күзөт кызматынын, Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Академиянын курсанттары, Бишкек ШИИББ менен Чүй ОИИББнин бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышышты.
“милиция ар дайым коомдук тартипти камсыздоо менен кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча тапшырмаларды аткарууну камсыздап келет. Мен ар бир кызматкерден жоопкерчиликтүүлүктү, жарандарга кайрылууда сылык мамиледе болууну, профессионалдуулукту көрсөтүүнү, коомдук тартипти камсыздоодо укук бузууларды кетирбөө үчүн өз убагында тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылам”,- деди Кашкар Жунушалиев.
Бул иш-чара Кыргыз милициясынын 94 жылдыгына арналып, майрамдык маанайда өтүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ