Кытайдын Чунцын шаарында аял бала бакчага бычак менен кирип барып, балдар тобуна кол салган. Анын натыйжасында 14 бала жарадар болгон. Бул тууралуу euronews маалымдады.
Күбөлөрдүн айтымында шектүү балдар эшикте эртең мененки көнүгүүлөрдү жасап жатканда кол салган. Полиция кылмышкерди ордунан кармаган. Жарадар болгондор ооруканага жеткирилген. Аялдын бул ишке эмне себептен барганы азырынча белгисиз. Күбөлөр полиция шектүүнү алып кетип жатканын жана балдарды дарыгерлер салып кетип жатканын тасмага түшүрүп калышкан.
Эскертүү: Тасма өтө сезимтал адамдар көргөнгө сунушталбайт
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ