Menu

Каржы министри Адылбек Касымалиев мамлекеттик карыздын суммасын азайтып айткандыгы үчүн премьер-министрден сөгүш алды

Бөлүшүү:

КР Эсеп палатасы таап чыккан  мамлекеттик карыздын суммасын азайтып айткандыгы үчүн Каржы министри Адылбек Касымалиев премьер-министрден сөгүш алды. Мындай чечимди бүгүн, 26-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн отурумунда жарыялады.

Эске салскак, “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Каржы министрлиги мамлекеттик карыздын суммасын эсептөөдө ката кетиргенин билдирген. Натыйжада ал 637 млн сомго азайып кеткен.

Бүгүнкү өкмөттүн отурумунда министрликтердин жана ведомстволордун бюджетти аткаруу боюнча Эсеп палатасынын отчеттору каралган, аны менен бирге Эсептик палата берген кенешмелердин аткарылышы дагы  каралды.

“Ар бир министрликке кеңешмелер көп. Бирок мен Каржы министрлигине айткым келет. Уят болушу керек. 637 миллион бир жакка кетип калды. Бул маселени дээрлик депутаттар менен президент көтөрүүдө. Биз 6 миң сом үчүн жазалайбыз, а бул жерде мынчалык баа. Бизде мындай сумма баланста да жок. Ошондуктан мен Каржы министри Адылбек Касымалиевге сөгүш жарыялоону, ал эми анын орун басары Мирлан Байгончоковго катуу сөгүш берүүнү чечтим, анткени аталган суроого ошол адам жооптуу болчу. Ката кетирген башка ызматкерлерге силерөүзүңөр чара көрүүңөр керек”, – деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: