Menu

Депутаттар ак илбирстин тамак азык базасына кирген жаныбарларга аңчылыкты токтотууну көздөп жатышат

Бөлүшүү:

Парламенттин депутаттары аркар, тоо эчкиси, теке, марал жана доңузга аң улоого тыюу салууну көздөп жатышат. Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңеште “КРнын жаныбарларынын кээ бир түрлөрүнө аң улоону токтотуу” мыйзам долбоорунун коомдук угуусу болуп өттү.

Мыйзамдын негиздөөчүлөрүнүн айтымында, өлкөдө 50дөн ашуун аң улоочу чарбалар бар. Алардын негизги ишмердүүлүгү – туяктуу жаныбарларга аң-улоо жүргүзүү болуп саналат.

“Аталган жаныбарлар ак илбирстин тамактануу базасын түзөт, алардын санынан ак илбирстин популяциясы түздөн-түз көз каранды. Марко Полонун аркары Кызыл китепке киргизилгенине карабастан, анын жыл сайын 80 даанасын атууга квота берилет.”

Табияттын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана эффективдүү көбөйтүү максатында, учурдагы жана келечектеги муундун кызыкчылыктарын эске алуу менен, табигый эркиндикте жүргөн аталган жаныбарларга 2020-2030жылдарга чейин аң улоого мораторий киргизүү сунушталат: тоо аркары, тоо эчкиси, теке, кулжа, доңуз, марал.

Документ убактылуу  мораторий бузулган учурда жоопкерчиликти  КРнын Кылмыш-жаза кодексине жараша карайт. 2019-жылдын 1-январынан тарта Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин жаңы редакциясы күчүнө кирип, анда аң улоого тыюу салынган, чанда кездешүүчү, жоголуп кетүү алдында турган, колдонууга тыюу салынган жаныбарларга мыйзамсыз аң улоо жүргүзүүгө тыюу салган 295-беренеси иштей баштайт.

Булак:KyrgyzToday 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: