Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча мелдеште балбаныбыз Калы Сулайманов казакстандык Айдос Султангали менен беттешип утулуп калды.
Бүгүн 26-октябрда Калы Сулайманов 60 килограммга чейинки салмактык бөлүктө чейрек финалда Айдос Султангалиге 1:9 эсеби менен жеңишти алдырып жиберди. Казак балбаны муну менен жарым финалга чыкты. Эгерде ал финалга чыкса анда Калы Сулайманов көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчлүк алат.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ