Menu

Мурза, Кубат жана Кенеш

Бөлүшүү:

Мурза Гапаров, Кубат Жусубалиев жана Кеңеш Жусупов. Үчөө тең эмне деген залкарлар! Жазгандарынан бал тамат. Сөздүн гүлүн терип жазышат. Жан-дүйнөнү аңтар-теңтер кылып жазышат. Достор Ноокаттын өрүкзарлуу бир айылында кызык маек куруп отурушат. «Адам рухунун өсүшү баскычтан баскычка көтөрүлгөндөй жол менен кетет экен. Ал үчүн биринчи сабырдуулук керек. Эгер шашып, чыдамсыздык кылып бир баскычты аттап кетсең, ошол жер ала калат. Азыркы адамдардагы рухий өнүкпөй калуунун, чалалыктын бир себеби ошондо. Айдалбаган жерге окшоп калат. Айдалбаган жерге эмне өсөт? Отоо чөп өсөт. Азыркы адамдардын эң чоң трагедиясы ушунда. Сабырдуулук жетпегенинен алардын рухий талаасын отоо чөп басып кеткен» деп Кубат аке таамай жазгандай, үч дос балким адамзаттын рухий дүйнөсү, улуу сабырдуулук тууралуу кеп кылып, эч нерсеге шашылбай тоо койнунда, асман алдында рух дүйнөлөрүнө байлык топтоп отурушкандыр…

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: