Menu

Бишкектеги ресторандардын бириндеги мушташ: 2 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы оор

Бөлүшүү:

Орок айылындагы мушташтан кийин жаракат алган 4 адам Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда аталган борбордун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2 жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө, абалы оор. «Бир жабырлануучу травматология бөлүмүндө жатат. Ошондой эле, дагы бир бейтап Урология борборуна жөнөтүлдү», – деп билдиришти борбордон.

Эскерте кетсек, 29-декабрда саат 21:00 чамасында 52 жаштагы А.А. жана 50 жаштагы И.Э. борбордогу ресторанда эс алып жатканда мушташкан. Андан кийин 50 жаштагы И.Э. досуна кек сактаган. Ал киши достору менен Орок айылына келип, үйдүн дарбазаларын талкалап, таанышын жана анын 27 жаштагы уулун сабап башташкан. Акыркысы тапанча менен ок чыгарган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: