11-апрель күнү Москванын түндүк-чыгышындагы Ичка дарыясына коюлган темир жол көпүрөсүнүн астынан башы таш менен жанчылып өлтүрүлгөн жарандын жансыз денеси табылган. Бул тууралу “Москва” маалыматтык агенттиги кабарлайт.
Кылмыш болгон жерден полиция канга боёлгон үч таш, маркумдун рюкзагын, бут кийимин, документтерин жана 500 рубль акча тапкан.
Документтер боюнча өлтүрүлгөн жаран 1990-жылы туулган кыргыз жараны болуп чыкты, бирок орус маалымат булактары маркумдун ысымын атаган эмес.
Жергиликтүү полиция бул кылмыш боюнча иш козгоп, иликтөөгө алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ