Бүгүн, 30-октябрда Кыргыз Республикасы менен Микронезия Федеративдүү Штаттарынын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлдү. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Эки ѳлкѳнүн ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жѳнүндѳ Биргелешкен Коммюникеге Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Микронезия Федеративдүү Штаттарынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Джон Фриц Токио шаарында кол коюшту.
Биргелешкен Коммюникенин текстинде, Бириккен Улуттар Уюмунун уставынын жана эл аралык укуктун принциптери менен максаттарын, атап айтканда, эл аралык тынчтык менен коопсуздукту, мамлекеттер ортосундагы теңдикти сыйлоону жана бекемдөөнү, мамлекеттин улуттук эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүн, кѳз карандысыздыкты тийиштүү түрдө урматтоону, эл аралык келишимдерди жана мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөөнү сактоону жетекчиликке алуу менен тараптар дипломатиялык мамилелерди түзүштү деп белгиленет.
Биргелешкен Коммюникеге кол коюу аземинен кийин тараптар мамлекеттер ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында, ошондой эле Японияда аккредиттелген Элчиликтер ортосунда ѳнүктүрүүгѳ эки тараптын тең бирдей ниеттерин билдиришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ