Аталган каражаттар өлкөнүн түштүгү менен түндүгүн бириктирүүчү жол тилкесин курууга жумшалат.
Кыргызстандын Өкмөтү Азия өнүктүрүү банкы менен жүргүзгөн сүйлөшүүнүн натыйжасында Квргызстанга 68,5млн доллар насыя жана 9,5млн доллар грант түрүндөгү каражаттарды бөлүп берүү боюнча макулдашууга келишти. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев билдирди.
Аткаминердин айтымында, аталган каражаттар өлкөнүн түштүгү менен түндүгүн бириктирүүчү жол тилкесин курууга жумшалат. Курулуучу жол тилкеге Балыкчыдан Бишкек-Торугарт багытында жана Кочкор айылынан Эпкин айылына чейинки узундугу 68 чакырымды түзгөн тилке каралган.
“Насыяны кайтаруу мөөнөтү 32 жылды түзөт, алардын 8 жылы – жеңилдик менен. Бул убакытта насыяга болгон ставка жылына 1,5% түзөт. Өлкөнүн Өкмөтү тарабынан каралган кошумча каржылоо 12,75млн долларды түзөт.
Ошондой эле министрдин орун басарынын айтымында жолдун курулушуна 53,5млн доллар жумшалат, кароочу жумуштарына 7,1млн доллар кетсе, күтүлбөгөн чыгымдарга 9,79млн доллар сарпталат. Үстөктөрүн төлөө боюнча чыгаша 3,5млн долларды түзөт.
Эске салсак, Кыргызстан аталган банк менен 1994-жылдан бери кызматташып келет. Бул убакыт ичинде өлкө 40тан ашуун насыя жана 30дан ашуун грант алган. Ошондой эле Азия өнүктүрүү банкы техникалык жардам катары 98 долбоорду каржылап берген.
Азыркы учурда Кыргызстандын жалпы сырткы карызы 3млрд 809млн долларды түзөт. Алардын ичинен Азия өнүктүрүү банкына болгон карыз 595млн долларды түзөт.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ