КР Президентинин аппараты өзүн-өзү камсыздоого сарптоочу каражаттарды кыскартты. 2018-жылдын 9 ай ичинде жалпы жонунан чыгымдар 133 миллион сомду түзгөн. Аталган көрсөткүч былтыркы жылдын ушул эле убакытына салыштырмалуу 30 миллион сомго аз. Бул тууралуу КРнын Кыржы министрлиги билдирди.
Министрдликтин айтымында, бардыгынан көп чыгым айлык маянага жумшалган. Ал 93 миллион сомду түзгөн.
Кошумча чыгымдар, компенсацияларга 60 миллион сом сарпталган.
2017-жылы айлык маяна менен болгон кошумча төлөмдөргө 100 миллион сом кеткен.
2018-жылы Президенттик аппараттын чыгымдар сметасында “социалдык пособия боюнча төлөм” пайда болуп, ал 570 миң сомду түзгөн.
Аталган пособия багар адамын жоготкондор үчүн компенсация түрүндөгү төлөм болуп эсептелет.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ