Казак-орус чек арасында бир жума ичинде Казакстан менен Кыргызстандан кирген 310,22 тонна продукция кармалган. Бул тууралуу Росссельхознадзор өзүнүн сайтында жарыялады.
Оренбург облусунда жогорку фитосанитардык тобокелдүү, карантин алдындагы продукцияларды 9 жолу мыйзамсыз алып кирүү аракеттери токтотулду.
Мыйзамсыз фитосанитардык сертификаттардын (толугу менен каттодон өтпөгөн же жалган маалыматтарды камтыган) коштоосунда Казакстанда өндүрүлгөн 20 тонна жүзүм, Кыргызстанда өндүрүлгөн 37,2 тонна грек жаңгагы жана жүзүм, Кытайда өндүрүлгөн 22,3 тонна миндаль, пекан, макадамия жаңгактары киргизилип бараткан.
Өндүрүлгөн өлкөсү, коопсуздук жана сапатын тастыктоочу фитосанитардык сертификаттары жок 44,4 тонна коон, бадыраң жана пияз киргизилген. Фитосанитардык талаптарга туура келбеген, карантин алдындагы продукцияны тастыктоочу көрсөткүчтөрү жок сертификаттар менен Казакстанда өндүрүлгөн 39 тонна жүзүм, курма жана калемпир, ошондой эле Кыргызстанда чыгарылган 20,3 тонна калемпир киргизилген.
Новосибирск облусунда фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 144,22 тонна көлөмүндөгү продукцияны 13 жолу алып кирүү аракети токтотулган.
Продукция Кыргызстан менен Казакстандан бараткан. Алардын арасында маркировкасы жок анар, курма жана жүзүм болгон.
Ошондой эле маркировка толугу менен коюлбаган Казакстанда өндүрүлгөн 20 тонна жүзүм, 20 тонна сабиз, Кыргызстанда өндүрүлгөн 2,7 тонна алма, өндүргөн өлкөсү жазылбаган 20,5 тонна кыргыз алмуруттары кармалган.
Кармалган продукция кайра Кыргызстан менен Казакстанга жөнөтүлгөн, күнөлүүлөр административдик жоопкерчиликке тартылган.
KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ