Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Республика-Ата Журт” фракциясынын жаңы депутаты Нурбек Тотонов ант берди.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин вице-спикери Асель Кодуранова депутат Нурбек Тотоновдун ишине ийгилик каалады. Нурбек Тотонов 41 жашта, 2014-жылдан бери оор атлетика федерациясын жетектеп келген.
Эскерте кетсек, 26-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангуловдун депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуп мандатын Нурбек Тотоновго тапшырган.
24-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов “Мегаком” компаниясынын директору болуп дайындалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ