Индиянын Гуджорат штатынын Вадодара шаарында дүйнөдөгү эң бийик “Биримдик Эстелигинин” ачылышы болду. Бул тууралуу РИА Новости маалымдайт.
Бийиктиги 240 метрди түзгөн монумент Индиянын көз карандысыздыгына күрөшкөн баатыр Сардар Валлабхаи Пателге арналып курулган. Эстеликтин өзүнүн бийиктиги 182 метрди түзөт, дагы 58 метрин постамент түзөт.
#WATCH: Prime Minister Narendra Modi pays tribute to Sardar Vallabhbhai Patel in Gujarat's Kevadiya on his 143rd birth anniversary. #StatueOfUnity pic.twitter.com/AkVXNegfv0
— ANI (@ANI) October 31, 2018
Монументтин чокусунда кароочу аянтча жайгашкан, ал эми жанында жасалма көл бар. Мемориалдын курулушуна Индиянын казынасынан 430 миллион доллар сарпталган.
The 'Statue of Unity' is being unveiled in #Gujarat, the home state of the Indian Prime Minister. The monument is double the size of the Statue of Liberty. #India pic.twitter.com/GEhCIvBz1b
— TOLOnews (@TOLOnews) October 31, 2018
Валлабхаи Патель- Индиянын көз карандысыздыгына күрөшкөн улуттук баатыры, Индиянын Конституциясынын авторлорунун бири. 1947-1950-жылдары Индиянын Ички иштер министри жана вице-премьер министринин кызматын ээлеген.
Кыргызчалаган: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ