Кечээ, 30-октябрда Венеция шаарында суунун деңгээли 156 сантиметрге көтөрүлүп, 9 адам жаратылыш кырсыгынан көз жумган. Бул тууралуу “ria.ru” сайты жазып чыкты.
Нөшөрлөгөн жамгырдан улам Венецияда суунун деңгээли тездик менен көтөрүлүп, андан улам шаарды толугу менен суу каптаган. Жаратылыш кырсыгы шаар аймагынын 75 пайызына таасирин тийгизди. Ошондой эле бийлик Ыйык Марк аянтын жабууга аргасыз болгон.
Шаар бийлиги түрдүү чараларды көрүп жатат. Бирок аба ырайы өзгөрбөсө 1966-жылы суунун деңгээли 2 метрге жеткен абал кайталанарынан кооптонушууда.
Жаратылыш кырсыгы шаар тургундарынын жана коноктордун маанайын түшүрө алган жок. Көчөлөрдү туристтер резина өтүктөр менен кыдырышууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ