Бүгүн, 1-ноябрда КРнын Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов маалымат жыйынын уюштуруп “мен фракция лидери катары “КСДП Атамбаевсиз” ураанынын алдында аймактарда жыйындарды өткөрүп жүргөн активисттерди кабыл алгам. Анда мен позициямды айткан эмесмин. Мен партиянын бардык мүчөлөрүн кабыл алып турам. Бул жолугушууну Асылбек Жээнбеков уюштурган жок”, – деп билдирди.
“КСДПнын саясий кеңешиндеги бир ууч адам мени партиядан чыгарганы мыйзамсыз. Жыйындын протоколун көрбөдүм, ким катышканын жана ким кандай добуш бергени белгисиз. Мени эмне үчүн партиядан чыгарышты билбейм”, -деди фракция лидери.
Мындан тышкары ал КСДП өлкөдөгү ири партиялардын бири болгондуктан, анын ичиндеги саясий тиреш туруксуздукка алып келиши мүмкүн экенин баса белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ