Menu

Атаңдынгөрү дүнүйө нарктуулуктан айрылабызбы?…

Бөлүшүү:

Телевизорду бурасаң, 5-канал Филиппинден Гонконг өлкөсүнө ооп келип, акча табуу абыгеринде күнү-түнү дебей кай жумуш бсшбосун кара жанын карч уруп иштеп жүргөн 300 миң аялзатынын кейиштүү тагдырын кайра-кайра көрсөтүп жатат. 60 млн. эли бар Филиппин… А алты гана миллиондуу Кыргызстандын бир миллиондон ашык жаштары өз мекенинен жердин аркы бетине чейин тентип кетишпедиби. Пайгамбар чыккан Арабиядан жергебизге саякаттап келген миллионер шейхтер «Оо жаннат- бейиш турбайбы!» деп суктанган Ала-Тоодон элин эзепсиз тентиткен падышалары А.Акаев Москвада, К.Бакиев Минскиде китеп жазып армандап акыл айтса, Р.Отунбаева менен А.Атамбаев беймарал жер кыдырып, дарс окуп, үлкөн-үлкөн форумдарда жүрөт. Өзүн күнөөлүүдөй эсептеген бирөө жок, эй!

5-канал, КТРК, ЭлТР… деги койчу, кайсы бирин ачсаң да ат-башылык жердешим Алмаз Акматалиёв ар кайсыдан баяндап аткан болот. Же ушунун баары аны издеп барышабы же өзү эле дайыма шайма-шай даяр турабы, айтор, мында Алмаз мырза, анда Алмаз мырза… Баягы Какчекеев, Бакетаев, Жекшеев кайда? Ушуларды карап отуруп, өзүбүздүн жазуучулар журтуна байланыштуу бир икая эске түшүп атканы: айтылуу Аалы Токомбаевге калемдеш чоросу Сулайман Маймулов бирөөнү кеп кылып атып, «оозуна салган ашын кырктан ашык жолу чайнагандан кийин гана жутат экен» десе, Алыкең «ой ал анда качан иштейт?» деген экен.

«Зима не будет…» деген олуя чалыпггар, айылына анча жарыгы тийбеген атактуу байлар аз эмес чыкты эле эми серепчилик оомат да ат-башылыктарга ооп, буюрса, бу жагынан да атагы «дүң» дегени калды окшобойбу…

ОРТ, РТРде да орус туугандар топтошуп алып, адаттагыдай украина боордоштору менен АКШны ой да уруп-согуп атышат. Күн сайын ушул, чарчоо да, жүйө да, жыйынтык да жок. Бечара Жириновский ишсиз калган шекилдүү…

Бизде деле ошол, баягылар – Р.Жээнбеков, А.Бекназаров, Т.Акун… «баягында айткам, азыр да айтам, күтөбүз, баштай-быз ж.б.у.с.» дейт. Эсеби маселең, кезинде сай-сайлап сатылып, наристелердин энчисинен «эптелген» бала бакчалардын бирөөнү протест кылып алып калганын андагы мамлекеттин мүлк комитетин жетектеп турган Равшан мырза мисалдай алабы?.. Бир эмес эки мерте ооматы келип, башкы прокуратуранын эки тизгин бир чылбырын кармап турган Азимбек баатыр «Бекназаров бошотулсун!» деп окко учкан алты азаматтын ажалына буйрук берген бирөө-жарым үлкөндү аныктап, кынына киргизе алды бекен?.. Ал эми «айыкпас оорулуу» Азиз Батукаевди татыктуу узаткандардын арасындагы Турсунбекти да ЖҢда байма-бай суралып атканын телевизордон көргөндөй болдук эле…

Кечээ улуу Айтматовго арналган Ысык-Көл форумуна келген дагы бир даңктуу калемгер Олжас Сулейменов «адабият азыр оор кризисте турат» деди. Адабият – бул сөз, ал эми сөз нарктуулугу менен бийик, үзүрлүү, үлгү. Ушул өңүттөн алганда, оозеки адабият менен жазма адабиятыбыздын дүйнөлүк эки жуп шедеври «Манас» тарыхый дастаны жана Чыңгыз Айтматовду жараткан эл мынчалык майдаланып кетүүгө акысы жок эле да! Бүгүн «Азия Ньюс» гезитин 2 миллион (!) сомго доого жыгып койгонуна коомдук ишмер катары бир далай жол басып, такшалып калды делген ишмер Ахматбек Келдибеков анчалык маашырланбай эле койсо болор… Ооба, соттордун акыйкаттыгын тилейли, алар деле өзүбүздөн, бирок, аныгында Ахматбек үкөбүздү абактан мезгилсиз сууруп чыкканга алайлык агаиндердин канжолду бууганга чейин барган тууганчыл намыскөйлүгү да зор көмөк көрсөткөнүн кантип эстен чыгарып коёбуз?

Кыргыздын байлыгын да, адамдыктын эң жогорку паразаты болгон нарктуулугун да эгемендик кут түшкөн алгачкы күндөрү президенттик креслого капилет келген Аскар Акаевдин 15 (!) жылдык бийлиги уурдап, сызга отургузуп, майдалап кетти. Дүйнө эли эңсеген, эреже туткан демократия, нарктуулук, акыйкаттык кыргызда башынан, байыркыдан бар. Ошондон адамдыктын асыл ой мурасы улуу «Манас» менен Айтматовдо уюп жатат. «Никогда не поздно перестраивать себя» деп ким айтты эле? Демек, бизге да али кеч эместир…

Дүйшөн Керимов

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: