Menu

Өзбекстанда тасма тарткан чет өлкөлүк компаниялардын чыгашасынын бир бөлүгү кайтарылат

Бөлүшүү:

Өзбекстандын аймагында фильм тарткан чет өлкөлүк компаниялардын чыгымдарынын 20 пайызы ( бирок 300 миң АКШ долларынан ашпаган сумма) мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнүп берилет.

Бул тууралуу өзбек өкмөтүнүн 19-сентябрда кабыл алынган токтомунда айтылат.

“Укуктук маалымат” Телеграм-каналы билдиргендей, чет өлкөлүк компаниялар Өзбекстандын аймагында фильм тартуу үчүн “Өзбекино” улуттук агенттигинен уруксат алып, кызматташуу боюнча келишимге кол коюшу керек.

Мындан тышкары чет өлкөлүк компаниялар Өзбекстандын коммерциялык банктарынан атайын эсеп ачып, тасма тартууга кеткен чыгашаларын дал ушул эсептин негизинде жүрүзүүгө милдеттүү болот.

Өзбекстандын Каржы министрлиги чыгашалардын бир бөлүгүн кайтарып алуу боюнча документтерди фильм тартуу үчүн уруксат берилген мөөнөт аяктагандан кийин 10 күндүн ичинде кабыл алат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: