Бүгүн, 1-ноябрда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров аты аталган министрликтин коомдук өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда аз камсыздалган үй бүлөлөргө көрсөтүлө турган жардам жөнүндө сүйлөшүлдү.
“Биз электрондук түрдө иш алып барабыз. Жарандар документтерди топтоп чуркабашы керек. Бардык нерсе бир мекемеде бүтүрүлүшү зарыл. Мындай иш алып баруу биздин дагы жумушубузду жеңилдетет”, – деди министр.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ