Кыргызстан баскетбол боюнча эл аралык турнирде жеңишке жетти. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкекте “Боорукер үмүттөр старты” аттуу беттеш өткөн. Өспүрүм балдар арасында Кыргызстандын жана Өзбекстандын 4 командасы күч сынашкан.
Финалда Кыргызстандык “Гиннес-29” Өзбекстандык “СК МОРУну ” 68:36 эсебинде уткан, үчүнчү орунду Кыргызстандык “Эдельвейс” алган.
Кыздар арасында жеңиш үчүн Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Орусиянын 4 командасы ат салышкан.Чечүүчү мелдеште Кыргызстандык “Эдельвейс” Хакасиянын курама командасын 63:50 эсебинде жеңип алган, ал эми 3-орунду Өзбекстандын курама командасы ээлеген.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ