Menu

Депутат Аскарбек Шадиевдин соту 5-ноябрда башталат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аскарбек Шадиевдин ишине тиешелүү документтер сотко өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматта сот отуруму 5-ноябрда Биринчи май районунда башталары жазылган.

Эскерте кетсек, депутат Аскарбек Шадиевге кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн жана мыйзамсыз акча каражаттарын менчиктештирген, тактап айтканда 2017-жылы жай айларында Чыңгыз Айтматов атындагы 30 миң (АКШ) доллар өлчөмүндөгү сыйлык акыны менчиктештирген деп айып тагылган.

Белгилүү болгондой Шадиев ага кылмыш иши козголгон күнү, тагыраагы 28-апрелде Тажикстан аркылуу өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда депутаттын каякта экени белгисиз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: