Америкалык драматург, прозаик Артур Миллердин чыккынчылык, саткындык туурасында таамай айткан сөзү бар: «чыккынчылык качан болсо да тырмактагы мык сыңары сыздатып турат» деген. Анын сыңарындай өзүнүн 25 жылдык тарыхы бар КСДП партиясы учурда дал ошондой чыккынчылардан, саткындардан тазалануу доорун өткөрүп жатат. Анан калса кечээ эле Атамбаевди тике карагандан айбыккан, эшик жабылып калса тешиктен кирип кошоматчылык кылып, экс-президенттин ишенимине кирип, Алмазбек Шаршеновичтин колдоосу менен чоңойуп-чочойуп алгандар ал киши кызматтан кеткенден кийин жүздөрүн 180 градуска бурушуп, жөн эле бурулуп кетишпей кайра суу ичкен кудугуна түкүргөн кылыктарын бүт коомчулук көрдү. Кимдин-ким экени көрүндү. Андайлардын жоруктарын, накта чыныгы жүздөрүн далайлаган карапайым адамдар көрүп, жийиркеүү менен кабыл алышууда.
Азыр КСДПнын ичинде ошондой адамдардан тазалануу доору сүрүп жатат деп атпайбызбы. Андай көрүнүштүн бири, 31-октябрда КСДПнын Саясий Кеңеши өткөргөн кезектеги жыйынында да болуп өттү. Анда, убагында дал ошол КСДП аркылуу, Атамбаевдин колдоосу аркылуу бийликтин бийик сересине жеткен, бирок жогоруда айтылгандай кийин өз керт башынын жыргалчылыгы үчүн жаңы бийликтин алдында «намаз» окуп кеткен Иса Өмүркуловду партянын Уставына шайкеш келбеген кадамдары үчүн ал партиянын катарынан чыгарылды. Ошондой эле парламенттеги КСДП фракциясына И. Өмүркуловду фракция лидерлигинен бошотуу сунушу жөнөтүлдү.
Ушуну менен бирге эле партиянын Саясий Кеңеши өткөрүлгөн ал жыйында КСДПнын кезектеги XVIII съездин өткөрүү маселеси да каралып, ал 2019-жылдын 6-апрелине белгиленди. Уюштуруу комитетинин башчылыгына КСДП партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев дайындалды.
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ