Menu

“Ачык саясат”: Батьканын эшигин сагаалаган Бакиев

Бөлүшүү:

«Устатынан шакирти өтүптүр» деген таасын сөздү бекем далилдеп, бул ажобуз айрым иштери боюнча Акаевден да ашып түштү. Башында эле эрге кыйшак минип бийликке бир туугандары менен баласын аралаштырды. Акаевдин ша­кирти болгондугу тууралуу кеп козгой турган болсок, бул кишини академик ажобуз кызмат ордунан жакшы эле көтөрмөлөп жүрүп аягында премьер-ми­нистр кылып тынды. Анан акыры эмне болду? Шакиртине учурунда аябай кам көрүп жатканына күбө болгон кыргыздын мекенчил уулдарынын бири ыраматылык Бекмамат Осмоновдун: «Сиз бекер эле убара болуп жатасыз. Бул жеткен интриган. Акыры түбүңүзгө ушул жетет!» деп айткан сөзүнө ошол учурда эч маани бербей койгонуна кийин катуу өкүнүп калганын Акаевдин өзү айткан жайы бар эле. Бекмамат агабыз туура баамдагандай эле Акаедин өзүн Бакиев Ак үйдөн кубалаганга оппоненттердин арасынан өзгөчө салым кошподубу. Ал го башка кеп дейли.

Ал эми Бакиев өлкөнүн эки тизгин, бир чылбырын колго алгандан кийин өз алдынча саясат жүргүзө албай уулу Максим менен бир тууган иниси Жаныштын азабын бир топ эле тартты окшойт. Бирок, бул ажобуздун доорун­да деле мамлекет үчүн көп эле жакшы иштер аткарылгандыгын унутпашыбыз керек. Айрыкча ал киши өндүрүш, айыл-чарба тармагын жакындан билчү. Табиятынан тамашакөй болгондуктан куйкум сүйлөгөн куудулдук жайы да бар эле. Бул кишинин абдан жөнөкөйлүгүн байкаган белгилүү адабиятчы маркум Салижан Жигитовдун: «Ой мунуңар кагазды карап сүйлөсө президентке окшошот экен. Кагаздан башын көтөрүп сүйлөсө эле башкармадан айырмасы жок турбайбы!» деп куйкум сүйлөгөнү эмдигиче эл арасында айтылып жүрөт.

Башкарма демекчи, бул кишинин доорунда премьер-министр болуп 8 ай иштеп калган азыркы кызматтан кетип жаткан ажобуз Атамбаевди бригадирге теңеген макала массалык-маалымат каражаттарынын бирине жарыяланган эле. Ал «бригадир» тууралуу маалыматка төмөндө кайрылабыз. Эмесе президент дейбизби, же «башкарма» дейбизби, айтор Бакиев деле ишмердүүлүгү жагынан Акаевден анча деле айырмаланбагандыктан, элге жек көрүнүп өлкөдөн чыга качып, учурда Европанын акыркы диктато­ру катары эсептелген Лукашенконун (Батька) эшигин сагаалап жүрөт. Сагаалап…

Булак: Ачык саясат 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: