Menu

Парламентте жыргализм!

Бөлүшүү:

Орустун чыгаан акыны Н. А. Некрасовдун «Кому жить на Руси хорошо?» де­ген жакшы бир поэмасы бар. Ал поэмада ошол кездеги Россиядагы помещик­тердин жыргал жашоосу сүрөттөлөт. Анын сыңарындай азыр Кыргызстанда эң жыргал жашоо кимде? Парламентте. Алар олчойгон статусуна таянып ар кимди такалашканы менен ошого жараша өздөрү кыйратып иш кылып жатышабы? Мисалы, Жогорку Кеңеште жалпы жыйын жумасына эки эле жолу болот. Ко­митет, фракция жыйындарын айтпай эле коелу, кур дегенде ушул, мамлекет үчүн маанилүү иштер каралчу жалпы жыйынга да кыйратып катышпайт. 120 болгон менен ошол күнү жалпы жыйынды карасаңар жарымы да чогулбайт, ал тургай аягында залда 10-15 ке жетпеген гана депутаттар калганына көп эле жолу күбө болуп жүрөбүз. Алар болсо элдин төккөн салыгынын эсебинен жа­шап, «иштеп» келишет. Мисалы, кечээки жалпы отурумдагы күн тартибинде 3 эле маселе каралып, негизки делген, (эл үчүн маанилүү делген) «Өкмөттүк саат» болсо ар кандай шылтоолор менен добушка коюлуп, «өкмөттүк сааты өткөрүшүбүз керек» деген 5 гана депутат добуш бергени менен, 58 депутат каршы добушун беришип, кийинкиге тебилип калды. Ал эми кийинкиси бол­гончо кыш кирет. Эмики отурум да майрамга туш келип, иш күн эмес. Анан аргасыз суроо жаралат экен, «Кол тийгис» 120 депутат эмне кылышат? Же би­рин-бири эрмектеп же мурдун чукуп, таранышып эле отурушабы? Карасаңар, отуруп алышып «жел» добуштарын беришип, мыйзамдарды чыгара беришет, ал мыйзамдар кандай иштеп жатат иштери жоктой. Өздөрү чыгарган мыйзамдар кандай аткарылып жатканы жөнүндө маселе дээрлик нөлгө тете!

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 94 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: