Menu

Космосту сүйлөп аткан доордо туруп деле СССРди “унута” албаган “Минздрав”

Бөлүшүү:

Айрымдар сүйлөйт деген ушул деп эле сүйлөй беришет, эй! Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жакында маалымат жыйын куруп, кыскартуу маселесин көтөрдү. Кыскартуудан 12 миллион сом үнөмдөйт экенбиз деп күпүлдөдү. Айына үнөмдөлөбү же жылына 12 миллион сом үнөмдөлөбү айткан жок. 12 миллион үнөмдөгөн министр катары тарыхта калат буюрса. Ошол эле маалда кыскарган медиктер каякка барып иштейт аны айткан жок, иши кылып кыскарат экен. Жаңы жумуш орун түзүү, кесипкөй адистерди тартуу деген аракетти качан баштайсыз Космос мырза? Коом алдыга жылган сайын оорунун түрү да, оорулуулардын саны да арбып баратат. Сиз болсо ошол оорулууларды дарылай турган адистерди кыскарталы дегениңиз акылга сыябы? Же акчаны башкатараптан эле кыскартса болбойбу? Сиз министр катары кыскартуу эмес, элеттеги оорукана көйгөйлөрүн чечүү үчүн жаңы кыз-мат орундарды, ооруканаларды көбөйтүшүңүз керек эле да.

Ии, баса эми бул азыркы министр Чолпонбаевдин жалгыз күнөөсү эмес. Биздин эгемендүүлүк жылдарында Саламаттык тармагында канча министр алмашса дагы министрлик олтурган имараттын жазуусун оңдоп, кыргызчалап кое алган жок. Баамдасаңыздар Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратында «Кыргыз ССРинин Саламаттыкты сактоо министерствосу» деп жазылып турат. Шермендечилик го бул…

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: