Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков жана АКШнын элчиси Дональд Лу Ош шаарында жаңы сүттү кайра иштетүүчү ишкананын ачылыш аземине катышышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-ноябрда Президент Сооронбай Жээнбеков жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Дональд Лу Ош шаарындагы «Алайку Органикс» компаниясына тиешелүү сүттү кайра иштетүүчү жаңы заводдун ачылыш аземине катышышты. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен ачылган жаңы ишкана Кыргызстандын түштүгүндө иштеп жаткан эң чоң сүттү кайра иштетүүчү ишканага айланат. USAID бул өндүрүштү кеңейтүү аркылуу жергиликтүү дыйкандардын кирешесин көбөйтүүгө умтулат, анткени дыйкандар жаңы ишканага күнүнө 5 тоннага чейин сүт тапшыра алышат. Бул тууралу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жаңы заманбап ишкана айран, каймак, быштак, май жана башка сүт азыктарын тамак-аш коопсуздугунун эл аралык стандарттарына ылайык өндүрөт. «Алайку Органикс» компаниясы 1,5 миң дыйкандан сүт кабыл алууну пландаштырууда. Дыйкандардан сүт сатып алуудан тышкары, компания кышкы айларда сүт көлөмүн көбөйтүү үчүн дыйкандарга кеңештерди берип, жогорку сапаттуу тоюттар менен камсыз кылып турат.

USAID жана «Алайку Органикс» компаниясы сүттү кайра иштетүүчү ишкананы түзүү үчүн 740 миңден ашык АКШ долларын инвестиция катары салым кошушту. Америка элинен келген акча каражаттар сууну тазалоочу системаны, лаборатория жабдууларын жана сүттү кайра иштетүүчү линияны сатып алууга жана орнотууга жумшалды.

Акыркы төрт жыл ичинде, USAID 58 жергиликтүү ишкана менен өнөктөшүп, Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарында заманбап айы-чарба ишканаларын түптөө аркылуу региондордун өнүгүүсүнө салым кошуп жатат. Жаңы жумуш орундарды түзүүдөн тышкары, бул ишканалар өздөрүнүн продукциясын тапшырган миңдеген дыйкандарга колдоо көрсөтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 96 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: