Өзбекстанда криминалдык төбөлдөрдүн бири катары аталып жүргөн ишкер жана мурдагы мушкер Гафур Рахимов Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) президенти болуп шайланды.
3-октябрда ассоциациянын Москвада өткөн конгрессинде Рахимов үчүн 134 кишинин 86сы “макул” добушун берди. Натыйжада ал казакстандык жалгыз атаандашы Серик Конакбаевден алдыга озуп кетти.
2012-жылы АКШ Рахимовго эл аралык маңзат соодасына катышы бар деген шек менен каржылык санкция киргизген.
Буга чейин Эл аралык Олимпиада комитети Рахимовго кайрылып, анын талапкерлиги боксту 2020-жылкы Олимпиаданын программасында сактап калууга терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин, анткени ал кримдүйнөгө байланышы бар деп шектелип жатканын билдирген.
Эл аралык Олимпиада комитети боксту 2020-жылкы Олимпиаданын программасында калтыруу маселесин ноябрдагы жыйынында карайт.
Быйыл июль айында Өзбекстан Ички иштер министрлиги Гафур Рахимовду издөөдөгү кишилердин тизмесинен чыгарган. 27-июлда Рахимов Ташкентке келген жана Өзбекстан Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчилиги менен жолуккан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ