Menu

Нариман Түлеев: “Кечээ мен президент Жээнбеков жана Садыр Жапаров менен жолуктум”

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев кечээ президент Жээнбеков жана Садыр Жапаров менен жолукту. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-октябрда Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымы боюнча, шайлоодон кийинки окуялар башталганда ал жана анын туугандары ГУМду жана ага чектеш аймакты кайтарууга чыгышкан. Аянттагы митингчилерди күч менен таркатканда алардын арасында оппозициянын бир дагы лидери көрүнгөн эмес.

“Биринчи мүнөттөрдөн баштап эл менен көчөдө жүрдүм, элди жапайы жана билимсиз деп айыптагандар терең жаңылат. Муну 2005- же 2010-жылдарга салыштырууга болбойт, эч ким талап-тоноо жана башаламандык уюштуруу максатын көздөгөн эмес” – дейт Нариман Түлеев.

Ал жана анын командасы элдик кошуундун курамында болуп, 6 күн борбор калаада күзөттө турушканын айтты. Ошондой эле кечээ президент менен жолугушканын белгиледи.

“Кечээ мен президент менен жолугушуу өткөрдүм, тараптарды кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу максатында Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен жолугушуу болду. Бардык тараптар бир пикирге келүү үчүн колумдан келгендин бардыгын жасайм.

Мен партияларга баа берүүдөн кармандым, бирок эми “чимкирик” чакырылыштын депутаттары башаламандыкты алып келүүдө деп айтууга тийишмин.

Силерди парламентке “шофер” алып келген, эл үчүн эч нерсе кылбай жылдап отурдуңар, элдин пикирине түкүрүп, тынчтык митингдерине бир нече жолу себеп болдуңар. Эми кайрадан бийликке умтулдуңар. Эл буга чыдай алган жок. Силер эч жакка кийлигишпей, жөн гана үйдө отурушуңар керек эле. “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан”, суранам, тынч эле отургула” – деди ал.

“Биз президентке сый-урмат көрсөтүшүбүз керек, ал катаал билдирүүлөрдү жана иш-аракеттерди жасаган жок, ага чындыгында эле өлкөдөгү туруктуулук жана тынчтык маанилүү. Мен буга толук ишенем, анткени мен Сооронбай Жээнбеков менен жеке сүйлөштүм” – деди Түлеев.

https://www.facebook.com/nariman.tuleev/posts/3308822685874627

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: