Индонезиянын транспорттогу коопсуздук боюнча улуттук комитети австралиялык адистер менен биргеликте деңизге кулаган Boeing 737 учагынын кара ящигиндеги маалыматтарды алды. Бул тууралуу РИА новости агенттиги агенттиги жазып чыкты.
Анда учактын акыркы 69 саат ичиндеги бардык маалыматтары жазылып калган.
Эске салсак, 29-октябрда Жакарта-Панкалпинанг багыты боюнча сапар алган Lion Air авикомпаниясына таандык Boeing 737 учагы абага көтөрүлгөндөн 13-мүнөттөн соң Суматрага жакын жердеги аралдырдын бирине кулап түшүп, учактын калдыктары 30-40 метр тереңдикке чөгүп кеткен.
Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери аныктала элек. Индонезиялык куткаруучулардын маалыматына караганда учактын ичиндеги 189-жүргүнчүнүн ичинен аман калгандары болгон эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ