Каракалпакстанда №5 кургак учук менен ооруган балдар мектеп-интернатынын тарбиячысы Зульфия Мавлянова балдардын төшөнчүлөрү пахта терүү үчүн келген жоокерлерге берилгенин ачыкка чыгарган. Бул үчүн ал учурда куугунтукталып жатканын айтууда.
“Азаттыктын” өзбек кызматы бул маалымат боюнча макала даярдагандан кийин матрастар жана жууркандар кайра интернатка кайтарылган. Мавлянова болсо, жатак мектептин жетекчилиги өч алуу максатында анын классына таандык жууркан-төшөктөрдү бербей жатканын билдирүүдө:
– 3-ноябрдан тарта бизде каникул. Бирок менин классымдагы кыздарга алигиче төшөнчүлөрүн берише элек. Директор мага: “Колуңан эмне келет? “Оздолик” эмне кыла алды? Чекеме ата алдыбы” деп айтты. Классымдагы кыздар түнкүсүн тоңуп, уктай албай жатышат. Эгер директор менден өч алгысы келсе, эмне үчүн ал оорукчан балдардан күчүн чыгарып жатат. Алардын күнөөсү эмне?
9-класстын окуучулары тартиячынын сөзүн тастыкташты.
Зульфия Мавлянова буга чейин жатак мектепте кургак учук менен оорубаган, саламаттыгы чың балдар да окуп жатканын кабарлаган.
Анын кесиптештери мектеп директору тарбиячыга кысым көрсөтүп жатканын ырасташты. Мугалимдердин бири текшерүүлөр учурунда мыйзам бузуулар аныкталганы менен жетекчиликке карата чара көрүлбөгөнүн билдирди:
– Кургак учук менен ооруган балдар үчүн өтө зарыл болгон азык-түлүктөрдү үнөмдөөгө буйрук бергени чындык. Ал чын эле оорукчан балдардын матрастарын пахта терүүчүлөргө берген. Ал мектеп жамаатына өтө текебер мамиле жасайт. Туугандарынын бири Ташкентте чоң кызматта иштейт деп жүрүшөт. Балким, ошондуктан ага карата чара көрүлбөй жаткандыр.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ