Menu

Хашоггинин балдары Сауд Арабиясынан атасынын сөөгүн сурады

Бөлүшүү:

Өлтүрүлгөн саудиялык журналист Жамаль Хашоггинин балдары Эр-Рияддан атасынын сөөгүн сурады. Бул тууралуу алар CNN телеканалына берген интервьюсунда билдиришти.

Салах менен Абдулла атасын Медина шаарындагы мусулмандардын ыйык көрүстөнүнө койгулары келгенин айтышты.

Салах Сауд Арабиясы атасынын өлүмү боюнча ички иликтөө иштерин баштаганын белгилеп, ханзааданын бул кылмышка күнөөсү барларды жоопко тарта тургандыгына ишенерин айтты.

Буга чейин Түркиянын Башкы прокуратурасы Жамаль Хашогги Сауд Арабиясынын Стамбулдагы башкы консулдугуна кирери менен муунтулуп өлтүрүлүп, андан соң сөөгү жиликтенгенин билдирген. Азырынча анын сөөгү табыла элек.

Жамал Хашогги Сауд Арабиясынын Стамбулдагы конусулдугуна 2-октябрда кирип кеткен бойдон чыккан эмес. Андан үч жума өткөндөн кийин саудия бийлиги ал каза болгонун ырастаган. Сауд Арабиясынын жетекчилиги бул иш боюнча 18 шектүү кармалганын билдирип, бирок окуяга өзүнүн тиешеси бар экенин четке каккан. Батыш өлкөлөрү саудия бийлигинин бул версиясын чын деп эсептебейт жана Хашоггини өлтүрүүгө буйрутма бергендер падышанын үй-бүлөсүнө тиешеси бар болушу мүмкүндүгүн билдирүүдө.

Буга байланыштуу бир катар европалык өлкөлөрдүн лидерлери Эр-Риядга каршы санкция киргизилиши мүмкүндүгүн айтышып, бул өлкөгө курал-жарак сатууну токтотууга чакырышкан. Өткөн аптада америкалык миллиардер Билл Гейтстин фонду мураскер ханзаада Мухаммед бин Салмандын кайрымдуулук уюму менен кызматташуусун токтоткон.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: