Кыргызстандын Улуттук банкы масштабдуу интервенция жүргүздү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында кабарланды.
Маалыматка ылайык, бир күн мурун Улуттук банк валюта интервенциясын жүргүзүп, 21,15 миллион долларды саткан.
Буга чейин, 1-декабрда Улуттук банк 5,25 миллион долларды, 7-декабрда 10,3 миллион долларды саткан болчу. Жыл башынан бери бул 30 интервенция. Жалпысынан 459,4 миллион долларга интервенциялар жасалды.
Учурда расмий курс төмөнкүдөй (сатып алуу / сатуу):
доллар – 84,80/84,80;
евро – 102,91/102,50.
Доллардын курсу 10-декабрга салыштырмалуу өзгөргөн жок, евро 0,4% төмөндөдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ